Бишкекте мурдагы "Ганси" авиабазасында жайгашкан "Семетей" пунктунда бир учурда 112 жаранга дем алдыруу үчүн кычкылтек концентратору орнотулууда. Бул тууралуу маалыматты ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
"Учурда "Семетей" пунктунда жаткан жарандарга дем алууга керектелүүчү суюк кычкылтек берүүчү концентраторлорду орнотуу иштери жүрүүдө. Алгач көлөмү (8м3) орнотулат, андан кийин 100дөн ашуун бейтапка берилет. Бир эле мезгилде бейтаптар жаткан 56 бөлмө кычкылтек концентратору менен камсыз болот", - деп айтылат маалыматта.