Өлкө боюнча коронавирус менен жабыркап жатканы тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 6 миң 28 (эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө байланышта болгондордун саны өзгөрүшү ыктымал). Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
Байланышта болду делинген жарандардын ичинде:
1-категориядагы байланышта болгон жактар (жакындар жана үй-бүлөлүк байланыштар) – 1 миң 612;
2-категориядагы байланышта болгон жактар (башкалар) – 4 миң 416.
Министрликтин өкүлүнүн айтымында, жалпы жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 9 миң 128, ал эми бир суткада жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 884тү түзөт.
Өлкө боюнча обсервацияда – 1 миң 588 жаран жатат.
1-апрель саат 12:00гө карата өлкө боюнча 111 жаран коронавирус менен жабыркап жатат.