Кытай өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү COVID-19га каршы вакцина менен камсыздайт

Кытай Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун COVAX механизми алкагындагы коронавируска каршы 10 миллион доза вакцина менен камсыздайт. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ван Вэньбинь билдиргенин дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

"Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун талабы боюнча Кытай COVAX механизмин (коронавируска каршы вакциналардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча механизм) 10 миллион доза вакцина менен камсыз кылууга даяр. Биз мындай кадамга өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өз убагында вакцина алып калышын жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жасап жаткан иштерин колдоо максатында барып жатабыз. Муну менен эл аралык коомчулуктун пандемияга каршы күрөшүүдө көмөкчү болоруна ишенип турабыз", - деген Ван Вэньбинь.

COVAX - Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун алкагындагы эл аралык механизм. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө коронавируска каршы вакцина алууну жеңилдетүү максатында иштелип чыккан. Аталган эл аралык механизмге 190 өлкө кирет.

Буга чейин Кытай тарап өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө вакциналардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга салым кошору маалымдалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Samsung-
2021-02-04 23:35:38
Колдон келсе ушул кытай менен алыш бериш мамилени такыр токтотуп койсок озубузго жакшы болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан