Министр: "Бүгүндөн баштап белгилүү эстрада ырчыларынын концерттери онлайн өткөрүлө баштайт" (видео, хронология)

Өлкөдөгү коронавирус боюнча абалга байланыштуу кандай иштер аткарылып жатат? Бул суроого Өкмөт үйүндө өтүп жаткан онлайн маалымат жыйындан жооп аласыз. Аталган жыйынга маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова, жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттиктин башчысынын орун басары Мирлан Парханов жана ыктыярчы Урмат Насыркулов катышты.

Анда көрсөтүлүп жаткан жардамдар тууралуу маалыматтар кеңири айтылды.

2020-04-01 17:00:00

"Ар бир спортчунун олимпиада оюндарына жолдомо алуусу үчүн бардык шарттар каралып жатат. Ар бир спортчуга даярдануу үчүн өзүнчө күндөр түзүлгөн", - дейт Мирлан Парханов.

2020-04-01 16:55:00

Туризм-2020 Кыргыз мамлекетинде 80 пайызга төмөндөп кетиши мүмкүн. Мындай божомолду маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди. Анын айтымында, мындай божомолдор коронавирустун жайылышынан улам бир гана биздин өлкөдө эмес, дүйнө жүзү боюнча күтүлүүдө.

2020-04-01 16:52:00

"Онлайн концерттер, онлайн спектаклдерди коюу пландалып жатат. Бүгүндөн баштап белгилүү эстрада ырчылары кечкисин үй шартында онлайн концерт коюшат. Андан кийин классикалык музыка сүйүүчүлөрүнө концерттер коюлат. Ал эми спектакль качан коюлуп баштайт чечиле элек", - деди маданият министри Азамат Жаманкулов.

2020-04-01 16:50:00

"810 сом жөлөк пул берүү аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү 16 жашка чейинки балдарга каралган" дейт эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова.  

2020-04-01 16:48:00

Ун, кумшекер, картошка, суу май, макарон, күрүч жана гречка эки аптага жете турган көлөмдө жардамга муктаждарга берилет.

2020-04-01 16:36:00

Ыктыярчы Урмат Насыркуловдун айтымында, 2-3 күндүн ичинде эле миңден ашуун кайрылуу түшкөн.

"Жардам кимдерге берилет? Ал жагы атайын базадан каралат. Мындан тышкары медицина кызматкерлери тарабынан дагы кайрылуулар түшүп жатат. Дарыгерлер медициналык коргоочу формаларга муктаж экендигин айтышты".

2020-04-01 16:33:00

"Кайрымдуулук иштерин жүргүзүп жаткандар бизге маалымат берип турса жакшы болмок. Анткени айрым үй-бүлөлөр жардам албай калган учурлар болуп, айрымдары бир нече жолу, ар кайсы жактан жардам алып жатышат. Бул туура эмес, баарына бирдей жардам берилиши керек. Биз көрсөтүлүп жаткан жардамдарды катташыбыз керек", - дейт Мирлан Парханов.

2020-04-01 16:30:00

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттигинин башчысынын орун басары Мирлан Парханов:

"Бүгүнкү күндө жардамдарды жеткирүүнү ыктыярчылар колго алышты. 500-600 ыктыярчылар атайын окуудан өтүшүп, жардамды жеткирүүнүн эрежелери менен таанышты. Ошондой эле 150-200 айдоочу окуудан өттү. Муктаждардын тизмеси күн сайын толукталып иштелип чыгууда.

Кейите турган көрүнүштөр дагы болуп жатат, тагыраагы, 2-3 ирет башка уюмдардан, башка кыймылдан жардам алгандар дагы деле кайрылып жатышат".

2020-04-01 16:27:00

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен азык-түлүктөн тышкары, психологиялык жактан дагы жардам көрсөтүлөрүн билдирди. 

"Карантин учурунда балдарга карата зомбулук көбөйүшү мүмкүн. Бул факторду эске алуу менен психологиялык жактан дагы жардам берүүнү чечтик", - дейт эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова.

2020-04-01 16:23:00

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова: "Республика боюнча 96 миң аз камсыз болгон үй-бүлө катталган. Бирок бүгүнкү күндө аз камсыз болгон үй-бүлө мындан дагы көп. Анткени күнүмдүк жумушта иштегендер дагы үйдө отуруп калышты. 

Бишкек шаары боюнча 18 миңден ашуун үй-бүлө бар экени аныкталды. Бул тизме дагы толукталат. Жардамга муктаж болгондор каттоосу жок болсо дагы кайрылса жардам көрсөтүлөт".

2020-04-01 16:15:00

"Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле активдүү жана кайдыгер эмес жарандар оор кырдаалда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, муктаж болгон социалдык аярлуу топторго, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөтүү үчүн "Жардам штабы" кыймылына биригишти. Бул кыймылга жыйырмадан ашык коомдук уюм кошулду", - дейт министр Азамат Жаманкулов.

Мындан тышкары министр жардам берүүнү каалагандар кыймылга кошулуп, салым кошсо болорун кошумчалап, кайрымдуу адамдарды чакырды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
toko84
2020-04-01 17:10:46
Айыл жергесинде көбү намыстанышат чындыгында кыйналып жашап жаткан үй бүлөлөр абдан көп жардамга муктаждар көп мен билгендерден сураныч жардам берсениздер байланыш номерим 0708999118
+3
ika8086
2020-04-01 19:41:29
Онлайн концерт менен элдин мегабайтын шыпырып оздоруно интернеттен акча иштейин дешкенго...
+2
Mister-X
2020-04-01 19:44:45
Памирден Чон Алайга келген кыргыз боордоштор кантип жатты экен?Памирдин озундо бул оору жок болсо керек.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан