Жогорку Кеңеште Орусияда жана Түркияда калган Кыргыз жарандарына жардам берүү керектиги айтылды

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Орусияда жана Түркияда калган Кыргыз жарандарына жардам берилиши керектигин айтышты.

Депутат Таабалды Тиллаев Новосибирск шаарында калган Кыргыз жарандары тууралуу маселени көтөрдү. Ал бул боюнча өкмөт кандай чечим кабыл аларын сурады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Орусия аба каттамдарын жаап салган, бул маселе кыйын болуп жатканын белгиледи.

Депутат Жылдыз Мусабекова Анкара, Стамбул жана Анталия шаарларында калган 300дөй Кыргыз жараны өлкөгө алып келүүгө өкмөт көңүл бурушу керектигин айтты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан