Киши жоктугунан Индияда таш бакалар көл жээгине 60 миллионго чукул жумуртка калтырып жатышат

Коронавирус эпидемиясынан улам индия эли карантинге алынганына байланыштуу көл жээгине таш бакалар келип, 60 миллионго жакын жумуртка калтырууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Бул маалда Индияда туристтердин жана балык уулоочулардын көптүгүнөн таш бакалар көл жээгине жете алышчу эмес. Коронавирус пандемиясынан улам эл карантинге алынып, туристтер да саякатын токтоткондуктан таш бакалар тоскоолдуксуз Рушикуля көл жээгине келип, кумдарга жумурткаларын калтырышууда. Кадимки күндөрү браконьерлер же жергиликтүү тургундар жумурткаларын чогултуп, базарларга сатып салышчу.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү жаныбарларды коргоо органдары таш бакалардын көбөйүү процессинин коркунучсуз өтүүсүнө болгон аракетин жумшоодо жана болжолдуу түрдө жээкке 60 миллион жумуртка калтырылмакчы.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Jeltelmen.99
2020-04-02 10:25:26
Мына сагаааа
+10
knk
2020-04-02 10:30:52
Карантин болуп жатканда жаратылыш да эс алды окшойт.
+18
Saidochka
2020-04-02 10:32:40
Эң сонун
+8
rususu
2020-04-02 12:29:07
Жаны дорого отуп жатабыз бир болсо
+5
Krai
2020-04-02 14:28:36
Ташбакалар ээми бир көбөйүп алышат экен да
+4
bond02
2020-04-02 16:31:48
Жумурткадан чыгып денизге жеткенче балдарынын кобун эле канаттуулар жеп коет экен ташбаканын.
+2
algakaray
2020-04-02 17:58:46
Чынгыз Айтматовдун чыгармалырында жаратылышка айабай конул бурулат го. Бир чети жаратылыш да бир терееен дем алып, эс алып алды. Коптогон шаарлардын абасы тазарды. Бишкекти эле алганда. Адамдан откон жырткыч жок да, буга чейин жакшы эле жаратылышты булгап келди адамзат. Эми жаратылыш да оз жообун ушинтип берип атат. Мындан кийин кобу бирине кк экенин жаратылыш мн аяр мамиледе болууну уйронот окшойт.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан