Адамдар бир эле убакта сасык тумоо жана коронавирус инфекциясы менен ооруп калышы жана илдеттин өтүшү оор болуу коркунучу бар. Ошондуктан COVID-19дун курчушуна жол бербеш үчүн курч респиратордук вирустук жугуштуу илдеттерге каршы эмдөөдөн өтүү зарыл. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында айтылганын өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан берилген тизмеге жана тобокел топко киргендердин (аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, өнөкөт оорусу барлар, кош бойлуу аялдар, балдар үйүндөгү тарбиялануучулар, кары-картаңдар жана медицина кызматкерлери) 45 пайызы эмдөөдөн акысыз өткөрүлдү.
"Биз бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясынан толук арыла элекпиз. Илдетти жугузуп алган учурлар айрым аймактарда көбүрөөк каттала баштады. Муну менен катар сасык тумоо оорусу менен ооруй турган учур да жакындап калды. Ошондуктан эмдөө иштери бекитилген графиктин негизинде жүргүзүлүүгө тийиш", - деди биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков.
Жыйындын жүрүшүндө аймактардагы эпидемиологиялык абалы талкууланды. COVID-19 илдетине кабылгандар көп катталып жаткан региондорго Бишкек шаарынан дарыгерлерди жөнөтүү тапшырмасы берилди.
Ошондой эле Казакстан тарап менен Орусиядан автобус менен келе жаткан кыргызстандыктарды чек арадан өткөрүү боюнча сүйлөшүү аяктаганы маалымдалды. Сүйлөшүүнүн негизинде мекендештер бул жолу Казакстандын аймагынан күндүз өтүп кетүүгө тийиш.
Жыйындын соңунда чет мамлекеттерден келип жаткандарды текшерүү алгоритмин сактоону көзөмөлдөөнү күчөтүү тапшырмасы берилди.