"Эмми" сыйлыгынын 3, "Гремми" сыйлыгынын бир жолку ээси, америкалык музыкант Адам Шлезингер коронавирустан каза болду

Белгилүү америкалык композитор Адам Шлезингер 52 жашында коронавирустан каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Шлезингер коронавирус жуктуруп алып, акыркы бир аптадан бери Нью-Йорк шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жаткан. Бир нече күндөн бери жасалма дем алдыруучу аппараттын жардамында дем алып жаткандыгы жазылат маалыматта.

Адам Шлезингер "Эмми" сыйлыгынын 3, "Гремми" сыйлыгынын бир жолку ээси. "То, сен эмне кылып жатасың?" тасмасынын негизги обону үчүн "Оскар" сыйлыгына талапкер болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан