Пакистанда даваатта жүргөн 3 Кыргыз жараны коронавирус жуктурду, алардын улуусу 70 жашта

Пакистандын Абботтабад шаарында 3 Кыргыз жараны коронавирус жуктурганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

"Пакистанда даваатта жүргөн 61, 68 жана 70 жаштагы 3 Кыргыз жараны коронавирус жуктурган. Алдын ала маалыматка ылайык, бул жарандар башка 6 Кыргыз жараны, ошондой эле бир Орус жараны менен кошо Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Абботтабад шаарында даваат кылып жүрүшкөн. Азыркы учурда ооругандардын бирөөсү ооруканага жаткырылды, анын жанында үй-бүлөсүнүн мүчөсү бар (аларда да коронавирус аныкталган). Үчүнчү жаран карантиндик аймакта дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бардыгынын абалы туруктуу деп бааланууда.

Жогоруда көрсөтүлгөн жарандар Кыргыз өлкөсүнүн Исламабаддагы элчилигинде консулдук каттоого турган эмес, мекемеге жардам сурап өз алдынча кайрылган эмес. Элчилик Пакистандын медицина мекемелери, ошондой эле укук коргоо органдары менен дайыма байланышып турууда", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Chungyz
2020-04-02 15:35:41
жашынарда бир топко барып калыптыр уйдо эле кок чай ичип отурушунар керек эле
+12
Mustafo
2020-04-02 15:44:23
Ушунчалык маңкурт болуп барайтабызбы туугандар, Пакистан биздин даабатыбызга муктаж болбосо керек
+14
nazarnew
2020-04-02 16:16:47
Ушул даватта жүргөндөргө тынчый бергиле деп киргизбей эле койгулачы эшектерди, ушундай ситуацияда, бүт границаны жаап өлө бергиле деп уже надоели.
+1
bond02
2020-04-02 16:20:52
Бейиштин ачкычы Кыргызстанда жок бекен ия? Койгула десе болбой эле дуйно кезесинер го, озунор го болупсунар жашынар деле жетип калыптыр, бала чака неберенерди ойлобойсунарбы.
+8
murat17
2020-04-02 17:07:52
Аллах сен жаш элен сен кары элен деп карабайт да наборот жашы откондор кобуроок тобо кылуу керек анткени алар акыреетке жакынраак бул адамдар айыгып кетсин Аллахтын берген бир сыноосу деп кабыл алгыла туугандар анан бул жердеги акылдуу болгон атеистерби же баптистерби силерге дагы Аллах ыйман берсин ушу силер имам болуп калгыла ылайым кийин ушул айткан создорунорго ыйлап ыйлап тобо кылат эленер
-1
erlan2196
2020-04-02 18:36:17
Даваатчылар уйунордо олтургулачы, кыйратып салышкансып. Даваатчы болуп кыргыздарэч жаарып кетпейсинер.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан