Өзгөчө абал киргизилген аймактарында жазгы талаа иштерине тоскоолдуктар жаралган жок. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
"Жазгы талаа иштеринин жүрүшү боюнча маселени өз убагында көтөрүп жатасыздар. Айыл чарба техникалары 91 пайыз даяр. Учурда жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатат. Айыл чарба техникаларын, минералдык жер семирткичтерди, үрөндөрдү, күйүүчү майды өзгөчө абал киргизилген аймактарга киргизүүдө тоскоолдуктар жаралган жок", - дейт ал.
Учурда Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отуруму өтүүдө.