Бүгүн, 2-апрелде "Акун" компаниясы мындан ары ун өндүрүүнү токтоторун маалымдаганын социалдык тармакка жарыялаган. Анда "Акун" жана "Бишкек ун комбинаты" ("Бишкекский Мелькомбинат") ишканаларын жаба турганын, буга борбор калаадагы блокпосттордон өтүү себеп болгону айтылган. Ошондой эле өткөрмө уруксат кагазы үчүн бир апта мурда документтер берилгенин, бирок тиешелүү жактан өткөрмө уруксат кагазы берилбегенин, компаниянын документтери жоголуп да кеткени кошумчаланган.
Бишкек шаарынын комендатурасынын басма сөз кызматынан бул маалымат калп экенин айтып, төмөндөгүлөргө токтолду.
"Акун" компаниясына буга чейин бир канча жолу өткөрмө уруксат кагаздары берилген. Компания 31-мартта дагы уруксат кагазы үчүн арыз калтырып, ал арыздын негизинде бүгүнкү күнгө уруксат кагазы даярдалган. Бирок азыркы убакытка чейин компаниянын бир дагы өкүлү, кызматкери келип, даяр болгон өткөрмө уруксат кагазын алып кетишкен жок. Мындан улам буга чейин тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбей турганын маалымдайбыз", - дейт маалымат кызматынын өкүлү.