Кытайда акыркы бир сутка ичинде 12 адам коронавирус жуктуруп, 22 адам ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, жаңы жуктурган 12 адамдын ичинен 8и сырттан келгендер болсо, калгандары Хэйлунцзян провинциясынан. Коронавирустун очогу болгон Ухан шаарында бир дагы инфекция жуктуруп алгандар катталган жок.
Акыркы маалыматтар боюнча, Кытайда жалпы 83 миң 817 адам коронавирус менен күрөшүүдө. 4 миң 636 жаран каза болсо, 77 миң 706 бейтап айыгып чыкты.