
Апрель айында "Кыргыз почтасы" ишканасы пенсияларды жана жөлөк пулдарды эртерээк жеткирет. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-апрелде республика боюнча почта бөлүмдөрү ачылат. Ошол эле күнү почта кызматкерлери пенсияларды жана жөлөк пулдарды жеткире башташат.
"Коронавирустун алдын алуу жана профилактика жүргүзүү максатында ишкана бардык почта, өткөрүп берүү, бөлүштүрүү жана камсыздандыруу бөлүмдөрүн, ошондой эле унааларды дезинфекциялады. Эң баалуу ресурс – бул ден соолугун тобокелге салып, калк үчүн талыкпай эмгектенген кызматкерлер. Ошондуктан алгач кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жеке коргонуу шаймандары сатылып алынды. "Кыргыз почтасы" сиздерден үйдө болууну суранат. Почта кызматкерлери пенсияны же жөлөк пулду үйлөргө жеткирип беришет", - деп жазылат маалыматта.