Дүйнөдөгү статистикага ылайык, бүгүн, 13-октябрга карата коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 37 миллион 728 миң 386 болду. Анын ичинен 26 миллион 195 миң 276 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1 миллион 78 миң 629 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 7 миллион 803 миң 259 адамдан коронавирус аныкталды. 214 миң 764 адам каза болсо, 3 миллион 109 миң 728 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 7 миллион 120 миң 538 адамдан аныкталды. 109 миң 150 адам каза болсо, 6 миллион 148 миң 535 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 5 миллион 94 миң 979 адам вируска кабылган. 150 миң 488 бейтап көз жумса, 4 миллион 526 миң 393 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.