Бүгүн, 20-апрель күнү Кыргыз өлкөсүнө Кытайдын медицина кызматкерлеринин тобу келди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
"Өлкөгө келген кытай медиктери ата мекендик адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүп, топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшөт. Мындан тышкары алар дарыгерлерге оорулууларды дарылоодогу мыкты ыкмаларын үйрөтүшөт.
Белгилей кетсек, биздин өлкөгө Кытайдан медициналык эксперттерди жөнөтүү тууралуу макулдашуу 14-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинь менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө чечилген", - деп жазылат маалыматта.