Жалал-Абад шаарында 162 миң 946 метр унаа жолдору дезинфекцияланды

Коронавирус пандемиясына каршы Жалал-Абад шаарында күн сайын дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Азамат Жээнбеков билдирди.

"Жалал-Абад шаарында күн сайын дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүн да калаа көчөлөрү шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан залалсыздандырылды. Бул аракеттин баары тургундар арасында коронавирус илдетинин жайылуу коркунучун алдын алуу болуп саналат. Бүгүнкү күнгө чейин калаада 162 миң 946 метр аралыктагы унаа жолдор дезинфекцияланды", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан