Жакынкы арада Японияда коронавирус пандемиясынан каза болгондордун саны 400 миң адамдан ашышы мүмкүн. Бул тууралуу Хоккайдо университетинин профессору, Япониянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин коронавирусту алдын алуу тобунун мүчөсү Хироши Нишиура айтканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Профессордун билдиришинче, өлкөдө коронавируска каршы азыркы көрүлүп жаткан чаралар инфекциянын жайылышын токтотуу үчүн жетишсиз болууда. Эгерде өлкөдө карантин чаралары күчөтүлбөсө, коронавирус жуктургандардын саны 850 миңге жетет, ал эми каза болгондор бул сандын жарымын түзөрүн айткан.
Акыркы маалыматтар боюнча, бул өлкөдө 8 миң 100 адам коронавирус жуктуруп алган. 146 адам каза болсо, 853 бейтап айыгып чыккан.