Ковид-19: Акыркы суткада 923 бейтап оорудан сакайды

Өлкө аймагында акыркы суткада 923 бейтап коронавирус илдетинен сакайып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев брифинг берип жатып билдирди.

Анын айтымына караганда, илдеттен сакайгандардын 526сы Бишкек шаарында катталды.

COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар пневмонияны эсепке алганда:

Бишкек шаары – 526;
Ош шаары – 83;
Чүй облусу – 117;
Ош облусу – 46;
Талас облусу – 20;
Нарын облусу – 7;
Ысык-Көл облусу – 15;
Жалал-Абад облусу – 50;
Баткен облусу –59.

Республика боюнча жалпы 119 миң 694 адам илдеттен сакайды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан