Таиланддын жашоочусу бейтааныш бирөөгө түкүрүп, коронавирус жуктурууга аракет кылган. Бирок көп өтпөй өзү каза болгон. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.
Бангкоктун станциясындагы видеожазууну көрүп, медицина кызматкерлери чуу түшкөн. Видеодо жөтөлгөн адам бет кабын чечип, станцияда билет алып жаткан кишини карай түкүргөнүн көрүүгө болот.
Жакында гана Пакистандан келген 56 жаштагы Анана Сахо Бангкоктон Наратзиват провинциясына бет алган. Поездде баратканда жөтөлүп, жүрөгү айланганын айтып даттанган. Хуа Хин станциясында патруль кызматкерлери ага түшүп калып, эс алууну сунушташкан, бирок ал баш тарткан.
Кечинде поезд Тап Сакае районуна келгенде поезддин кызматкери даараткананын жанында Сахонун жансыз денесин табышкан. Маалыматка ылайык, маркумдан коронавируска алынган тести оң чыккан. Окуядан соң Сахо түшкөн вагон дезинфекцияланып, жүргүнчүлөр эвакуацияланган. Аны менен байланышкан адамдар болсо карантинге алынган.
Учурда бийлик билет сатып алган адамды издөөдө. Бейтааныш жаран вирус жуктуруп, анын андан ары жайылышына себепкер болушу мүмкүн деп чочулашууда.