Өлкөдө коронавирус илдетин жуктурган медициналык кызматкерлердин жалпы саны 284кө жетти. Бүгүн, 15-майга карата өлкөдө коронавирусту жуктурган медицина кызматкерлери болгон жок. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында кабарлады.
Бир сутка ичинде стационарлардан 2 медицина кызматкери сакайып чыкты.
Бүгүнкү күндө вируска кабылган медициналык кызматкерлердин ичинен 194ү стационарлардан айыгып чыккан.