Ош шаарындагы "02626" аскер бөлүгүндөгү жоокерлерден коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Генералдык штабдын басма сөз кызматкери Гүлзат Жарашева билдирди.
"Бул аскер бөлүгү карантинге жабылган эмес. Бүгүнкү күндө аскер бөлүктөгү бир нече жоокерден коронавирус аныкталды. Жоокерлер коронавирус инфекциясын шаардагы өткөрүү пунктунда турган учурда жуктуруп алышкан", - деди басма сөз кызматкери.
Буга чейин Москвада өтүүчү Жеңиш Парадына Кыргыз өлкөсүнүн атынан катыша турган Улуттук Гвардиянын аскерлеринен коронавирус инфекциясы аныкталган.