Гепатит дарты менен күрөшүп жаткандарга Индия өлкөсү 1 миллион сомго дары-дармек алып берди

Жарандык активист Нурказы Батырбековдун колунда учурда Индия өлкөсү берген дары-дармектер бар. Ал дарыларды гепатит дарты менен жабыркаган жарандарга таратып берет. Бул тууралуу Нурказы Батырбеков SUPER.KG порталына айтып, дарт менен алышкан жарандар ага кайрылуусун өтүндү.

"Гепатит дарты менен жабыркап, ооруп жаткандарга кайрылам. Индиялык фармкомпания Кыргыз өлкөсүнө дарыларды гуманитардык жардам катары берди. Аталган дарт менен алышып жаткан жарандар мага кайрылып, дары алсаңыздар болот. Азыр карантин болуп жатканына байланыштуу дарылар Бишкек шаарына эле таратылат. Ал эми карантин бүткөндөн кийин эгер жетип калса аймактарга да жиберебиз. Бул дарылар кыйналып турган жарандарга чоң жеңилдик. Анткени биз бул дары-дармектерге муктаж болуп келгенбиз.

Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине жана башка тиешелүү тараптарга билдирип, бирок тыңгылыктуу жооп ала албай келген элек. Азыр Кудайга шүгүр, колумда 300 даана дары турат. Ар бир банкасы 3 миң сомдон алынган. Жалпы суммасы 1 миллион сомго чамалайт. Мамлекеттен жардам болбой турганда бейтап инвестор таап, дарыны алганы - бул чоң жетишкендик. Жардам катары берилген дарыны бейтаптар жылдап ичишет. Эгер аларды кантип таратасыңар деген суроо жаралып жаткан болсо, бейтапта дарыгердин дарыны ичип жатканын тастыктаган колунда дүмүрчөгү болуш керек", - деди Батырбеков.

Гепатит дарты менен күрөшүп жаткандарга Индия өлкөсү 1 миллион сомго дары-дармек алып берди
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
AksyKum
2020-04-03 20:40:24
Кантип байланышса болот
-3
sinej
2020-04-03 20:52:54
Жанагы биздин Муфтиятынар адамдарды Аравияга, Индияга, Пакистанга дааватка жонотпой, тескерсинче Туштук Корея сыяктуу олколорго медицина илимин уйронгуло деп жоноткуло. Пакистанга даваатка барып келгендерди коруп журобуз, алардын узун кийимдерин кийип келип калышат экен.
+6
aisu12345
2020-04-03 20:55:45
Сураныч кантип байланышса болот мен ичип жаттым эле ошко да берсенер жакшы эле кол жэткис болуп жатат табылышы
+2
aisu12345
2020-04-03 21:02:56
Админ телефонун бериниздерчи даары абадай керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан