Бишкекте дары-дармектердин баасын жогорулатып сатуу менен алектенгендерге карата кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында эл арасындагы дүрбөлөңдөн пайдаланып айрым дарыларды сатып алып, кайра аны жогорулатылган баада адамдарга өткөрүп жаткан жарандар аныкталганы айтылат.
"Финполдун кызматкерлери шаар боюнча бир нече жайларга барышкан. Алардан контролдук сатып алуу жүргүзгөндө Клексан дарысын айрым физикалык жактар 8 миң сомдон 14 миң сомго чейин сатышканы аныкталган. Аларды текшерүүдө жанынан сатууга уруксат берген лицензиясы жана тиешелүү документтери жок болуп чыккан. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Учурда Эономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы дары-дармектердин баасын тескөө максатында рейддерди жүргүзүп жатат", - дешти мекемеден.