Орусияда коронавирустан бир суткада 457 адам каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Орусияда өткөн суткада 29 миң 39 адамдан илдет аныкталды. Ал эми 21 миң 342 адам коронавирустан айыгып чыкты.
Жалпы 2 миллион 460 миң 770 адам коронавирус жуктуруп алса, 43 миң 141 адам каза болду. 1 миллион 937 миң 738 бейтап оорудан айыккан.