Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөдө коронавирус оорусунун жайылышын алдын алуу максатында 20 жашка чыга элек жарандардын көчөгө чыгуусуна тыюу салды. Бул тууралуу жергиликтүү "Anadolu" гезити жазып чыкты.
"Түркиянын 30 ири шаарында жана Зонгулдак провинциясында унаалардын кирип-чыгышы 15 күнгө токтотулат жана 20 жашка чыга электерге эшикке чыгуусуна тыюу салынат", - деп билдирген президент.
Режеп Тайып Эрдоган Түркияны коронавируска каршы күрөшүүгө даяр өлкө экенин билдирип, азык-түлүк жана медициналык дарыларды өндүрүү жагынан өзүн-өзү камсыз кыла ала тургандыгын айткан.
Акыркы маалыматтар боюнча бул өлкөдө коронавирусту 20 миң 921 адам жуктуруп алган жана 425 адам бул инфекциядан каза болгон болсо, 484 адам айыгып чыккан.