Өлкөдө коронавирус менен ооругандар катталган жок. 96 адам стационардык кароодон өтүп жатышат

10-февралга карата республиканын аймагында коронавирус менен ооругандар катталган жок. Өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу. Маалыматты өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүнкү күнгө карата стационардык кароодо 96 киши, жашаган жери боюнча медициналык кароодо 490 адам бар. Алардын баарынын ден соолугу канааттандырарлык.

Ошондой эле жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу пункттарында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 413 орун даярдалган. Нарын облусундагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда - 100 орун, Ош облусундагы "Эркештам" - 100 орун, "Манас" эл аралык аэропортунда - 183, Ош шаарындагы аэропортто - 30 керебет. Зарыл болгон шартта орундар көбөйтүлөт.

Билим берүү жана социалдык мекемелерде вирустук инфекциялардын, анын ичинде коронавирустун алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери улантылууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан