5G технологиясы жөнүндө мессенжерлерге тараган аудио чындыкка дал келбейт

"5G технологиясы Кыргыз өлкөсүнө келип, айлана-чөйрөгө жана адамдарга олуттуу зыян берет экен" деп мессенжер, социалдык тармактар ​​аркылуу таратылып жаткан аудиодогу маалымат чындыкка коошпойт. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Дүйнөнү дүрбөткөн коронавирус пандемиясын себеп кылып, адамдардын коркуу сезимин күчөтүп, жасалма маалымат таратып жатышат. Анын ичинде заманбап 5G технологиясынын коркунучтуу экенин айткан үрөй учурган билдирүүлөр бар. Бирок бул билдирүүдө айтылгандар чын эмес", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын адистери жана аккредитацияланган лабораториялар базалык станциялардын радиациялык деңгээлин өлчөөнү бир нече жолу жүргүзүшкөн. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, байланыш жабдыктарынын иштеши бардык санитардык нормаларга жооп бере турганы аныкталган.

5G технологиясын киргизүү боюнча комитет Кыргыз өлкөсүнө 5G түйүндөрүн киргизүү жана жайылтуу 2020-жылдын башында карала баштагандыгын билдирген.

Мамлекеттик байланыш агенттиги, ыйгарым укуктуу органдар жана уюлдук операторлор биргеликте радио жыштыктарды бөлүштүрүү боюнча иштерди тыкыр жүргүзүүдө.

Учурда 5G технологиясын сыноо маселелери чечилүүдө.

5G технологиясын сыноо үчүн радио жыштык тилкелери аныкталгандан кийин, пилоттук зоналарды түзүү үчүн керектүү компоненттерди жеткирүү, убакытын аныктоо үчүн жабдууларды өндүрүүчүлөр менен сүйлөшүүлөр башталат. Мындай учурда пилоттук зоналар багытта жана имараттын ичинде гана уюштурулушу керек. Бул пилоттук зоналарда, сыноо учурунда санитардык-эпидемиологиялык кызматтар стандарттардын сакталышын жана алардын адам организмине жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин аныктоо үчүн радиацияны өлчөө жүргүзөт.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалыматында, бүгүнкү күндө 5G технологиясы Кыргыз өлкөсүнө кире элек.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
TIMON_BERKOWITZ
2020-04-04 18:49:41
5G излучение өтө көп берет. Дүйнөдө азыркыга чейин изилдөөлөр болуп атат. Бири айтат рак, тукумсуздукка алып келет леп. Бири зыяны жок дейт. Бирок излучение берген Чернобль болуп калбасак болду.
P.S. 4Gга ыраазы болуп эле жашасак болмок. Же 4Gга нааразылар барбы?
-1
Agayu
2020-04-04 19:20:12
Азыркы ученныйлар Коронавируска эмес 5G га каршы даары тапайтат.
-9
Bolunbo.kyrgyz
2020-04-04 19:34:37
Онугуп жатабыз деп эле итинен питине чейин ойлоп таап киргизе бериштин кимге кереги бара. Узак жашоо жоголот окшойт
0
Aidar151080
2020-04-04 19:45:12
5G өтө зыяндуу экен.
0
gulam
2020-04-04 20:00:30
Эмне 4G менен эле технология токтоп калмак беле, замандан артта калбай 5Gны батырак киргизиш керек.
+3
Shef87
2020-04-04 20:29:07
5G өтө зыян бирок вирус башка
-3
amin1986
2020-04-04 20:54:15
Зыяндуу башка нерселер толтураго
+6
bazar
2020-04-04 21:00:56
Каапырлар ойлоп тапкан телефонду жөн эле ХХХХХ иштете берсеңер кыргыздар. 4G, 5G дегендин балээсин билесинерби. 6G, 7G чыгып бүгүнкү 4G дегениңер пайдалануудан четтегенде көрөм ошондо. Зыян деп телефон кармабай жүрө алат бекенсиңер
+2
nnn.sss
2020-04-05 09:58:18
Ушул аудио тажатты эле,улам эле аркимиси жонотот, озунчо ото эле умная болуп суйлоптур го бул аял кармап туруп штраф толотсо болмок
+1
kamchatka
2020-04-05 10:16:16
5 G Кореяда иштеткенде канатуулар бир саатда олуп кайра очурушкон бунун зыяны абдан чон экенин баары эле билет бирок элди ойлобогонунар кызыкда силердинчи акча болсо болду!
0
Nursul
2020-04-05 22:11:07
Зыян да чоң мамлекеттер биздей майда өлкөлөргө согуш эмес ошондой технологиясы м-н өлтүрүп кылышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан