Бишкекке Бангладештен 103 Кыргыз жараны кайтып келишти. Республикалык штабдан билдиришкендей, мекендештер 2-июлда "Aviatraffic Company" авиакомпаниясынын Бишкек-Дакка-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамы менен келишкен. Өлкөгө кайтып келген мекендештердин баары көрсөтүлгөн алгоритм боюнча обсервацияларга жайгаштырылды.
Бул авиакаттам менен Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары да келишти. Аларга өзбек жана тажик тараптарынын кайрылуусуна ылайык, өлкөсүнө кайтуу үчүн транзиттик коридор уюштурулат.
Чет мамлекеттерде калып калган жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча иштер улантылууда.