Орусияда акыркы бир сутка ичинде 8 миң 371 адамдан коронавирус аныкталып, 174 адам каза болду

Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы 8 миң 371 адамдан аныкталды. 174 адам каза болсо, 8 миң 785 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 2 миң 54;

Москва облусунда - 774;

Санкт-Петербург шаарында - 383;

Свердлов облусунда - 268 адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусияда жалпы 379 миң 51 адамдан инфекция аныкталды. 4 миң 142 адам каза болсо, 150 миң 993 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан