Учурдагы өлкөдө орун алган кырдаалга байланыштуу мектептер карантинге жабылгандан кийин 18-марттан 28-мартка чейин 7 өспүрүм жанын кыйган. Бул кырсыкка ар бир ата-эне өзү жоопкер дейт Ички иштер министрлиги.
"18-марттан 28-мартка чейин карантин жарыяланып, аймактардагы мектептер жабылганына байланыштуу 7 өспүрүм жанын кыйган. Алар 12-16 жаштагы окуучулар. Тоң районунда - 2, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Ак-Суу райондорунда - 1 жана Ысык-Атада 2 өспүрүм өмүрүнө кол салган. Бардык фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүрүүдө. Милиция кызматкерлери тарабынан иликтөө иштеринде балдар көзөмөлсүз калганы жана толук кандуу үй-бүлөдө чоңойбогондугу аныкталган. Мисалы, 4 бала толук кандуу үй-бүлөдө өскөн эмес (атасы же апасы жок), башкалары туугандарынын колунда чоңойбогондугу белгилүү болгон. Кырсык көбүнчө күндүз болгон жана туугандары балдардын кайда жүргөнүн көзөмөлдөшкөн эмес.
Учурда башка өлкөлөр сыяктуу Кыргыз өлкөсү да коронавирус пандемиясы менен күрөшүп келет. Милициянын бардык кызматкерлери ишке тартылып, санитардык-карантиндик пункттарда вирус жуктурган адамдар менен байланышта болгон жарандарды аныкташууда, коопсуздукту камсыздоодо жана кылмыш менен күрөшүүдө. Кызматкерлер 24 саат бою коронавирусту жайылтпоонун аракетинде жүрүшөт. ИИМ балдардын өз жанын кыюусуна ата-энесинин таасири чоң экендигин билдирет. Өспүрүмдө депрессиялык абал байкалганда жакындары балага дароо көңүл бөлүп, моралдык жардам көрсөтүүсү керек.
Урматтуу ата-энелер, ага-эжелер, балдарыбыздын тагдыры бизден көз каранды", - деген билдирүү таратты ИИМдин басма сөз кызматынан.