Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун жана анын орун басары Нурболот Үсөнбаевдин абалы жакшы. Бул тууралуу министрдин дагы бир орун басары Мадамин Каратаев маалымат жыйында билдирди.
"Министр жана анын орун басары Германияга дарыланууга учуп кетишиптир деген кептер туура эмес.
Бүгүнкү күндө алар Республикалык клиниканын инфекциялык ооруканасында дарыланып жатышат. Абалдары жакшы, динамика жакшы. Кудай буюрса, жакында ооруканадан чыгышат", - деди Каратаев.
Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов пневмонияга жана анын орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирус илдетине чалдыккан.