Таштанды салчу баштыктардан жасалган баш кийимдер, мөөнөтү өткөн респираторлор. Англиялык дарыгер бейтаптарга жетиштүү жардам бере албай жатышканын айтат

Англияда коронавирус пандемиясы күн санап жайылып, каза болгондордун саны да көбөйүүдө. Би-Би-Си маалымат агенттигине англиялык ооруканалардын биринде иштеген врач-реаниматолог оор шартта иштеп жатышканын айтып берген.

Атын өзгөртүп айтууну суранган Робертс аттуу дарыгер ал иштеген ооруканада коронавирус менен ооруган бейтаптар толуп, аларды оор шартта дарылап жатышканын билдирген. Анын айтымында, ооруканада медицина кызматкерлери, интенсивдүү терапиянын орундуктары, антибиотиктер, жасалма дем алдыруу аппараттары жетишсиз. Кырдаалга байланыштуу зарыл болбогон бардык операциялар, жадакалса онкологиялык оорулардын операциялары да токтотулган.

Коргонуучу кийимдердин жоктугунан медайымдар башына таштанды салуучу баштык кийишүүдө

Британияда 14-15-апрель вирустун күчөгөн маалы болот деп айтылууда. "Баарынан да жаманы, 13 саат бою ооруган бейтаптарды караган дарыгерлерде коргоочу кийимдердин жетишсиздиги. Алар аргасыздан таштанды салуучу баштыктардан, тоого кийүүчү көз айнектерден коргонуучу кийим даярдап, кийишүүдө. Коронавирустан улам элди бири-биринен 2 метр алыстыкта болгула деп эскерткени менен дарыгерлерге коргоочу кийимдердин жоктугуна карабай, бейтаптарды 20 сантиметр жакындыкта текшерүүсү керек деген талап коюшууда. Интенсивдүү палатада иштеген медайымдарга коргонуучу кийимдер керек болууда. Аларга кадимки тешиктери көп болгон хирургиялык баш кийимди кийгиле деп айтып жатышат. Бул туура эмес. Ал аркылуу вирус жуктуруп алуу коркунучу чоң. Андыктан биз башыбызга таштанды салуучу баштыктарды кийүүгө аргасызбыз", - деген дарыгер.

Ошондой эле, Англия өкмөтү 1-апрелде 1 миллион респиратор алынгандыгы тууралуу маалымат тараткан. Бирок керектүү болгон баш кийим, коргонуучу кийимдер тууралуу ал жерде сөз болгон эместигин билдирген.

Мөөнөтү өткөн респираторлорду колдонушууда

Робертс алар колдонуп жаткан каражаттар чоң шек жаратарын айтат. "Биз учурда колдонуп жаткан коргонуучу респиратордук бет каптардын сактоо мөөнөтү бир канча ирет өзгөртүлгөн. Мен кечээ сактоо датасы 3 ирет биринин үстүнө бири бастырылып чапталган респираторду көрдүм. Биринчисинде 2009-жылга чейин деп турса, экинчисинин сактоо мөөнөтү 2013-жылы бүтүптүр. Ал эми үчүнчүсүндө 2021-жыл деген дата көрсөтүлүптүр", - деген дарыгер.

Англиянын Саламаттыкты сактоо коомдук кызматынан коргонуучу каражаттарды текшерүүдөн өткөргөн соң гана сактоо мөөнөтү өзгөртүлгөнүн билдиришкен. Бирок Робертс бул сөзгө ишене бербейт.

Робертстин коргонуучу кийими жок иштеген 3 кесиптеши жасалма дем алдыруу аппаратында жатат

Учурда анын көзөмөлүндө жасалма дем алдыруу аппаратында коронавирус жуктурган 3 кесиптеши жатат. Бейтаптар менен иштеген бир врач-реаниматологдо Робертстей болуп жарытылуу коргонуучу кийими болгон эмес. Калган экөө коронавирус менен ооругандар жок башка бөлүмдө иштешкендиктен, атайын кийим кийишкен эмес, бирок алар вирусту жумуштан жуктурушу мүмкүндүгүн айтат Робертс.

"Баарынан оору - бейтаптын жакындарына чалып, анын көз жумганын айтуу. Биз аларга жакын адамын көрүүгө да уруксат бере албайбыз", - деген дарыгер.

"Адатта биз туугандарына колубуздан келген жардамдын баарын кылабыз деп айтабыз. Акыркы учурда антип айта албай калышымды сезип жатам. Мен бейтаптарды дайыма жасалма дем алдыруу аппаратына кошо албайм, аларга медициналык жакшы көзөмөлдү кепилдик кыла албайм. Анткени медайымдар жетишсиз жана алар да коркунучта иштеп жатышат. Бизде антибиотиктер түгөнүп баратат. Ага байланыштуу бейтаптарга керектүү процедуранын баарын кылдык деп да айта албайм", - деп кейиген Робертс.

Маалыматка ылайык, Англияда коронавирус илдетинен бир нече дарыгер каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-04-06 00:00:02
Апаат болду го(((Ыйлагым келди
+8
Aguwa
2020-04-06 00:09:25
Байкуштар, бизден отот го булар
+7
Milduri
2020-04-06 00:29:26
Аябай өнүккөн өлкөдө ушундай болуп атса, кудай сактасын биздин өлкөдө ушуну менен токтоп эле калсын.
+9
KaGaH
2020-04-06 00:39:02
Тоббо кылдым өнүккөн мамлекеттер алапайын таппай калышты го, кудай сактасын бизде мындай болбосун Алла Таалам бөөдө кырсыктан сактасын жеримди
+5
Farra16gsin
2020-04-06 02:21:50
Өнүккөн өлкөдө ушундай болуп атса билбейм анда улуу британия деген аты кайда калды королева принсесса дегендери эмне кылып отурушат
+1
AzKumFerDan
2020-04-06 04:18:35
Кыргызстанга сабак болсун ушул корунуш. Бизде шугур азыраак бирок коркунуч кобуроок курт Абай уйдо олтургулаа карантин кылып
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан