Орусиялык телеалпаруучу жана медицина илимдеринин доктору Елена Малышева коронавируска чалдыккан бейтаптар жаткан ооруканага барып, ал жактагы абалды видеого тартып, Инстаграм баракчасына чыгарган.
Малышева Москвадагы федералдык медициналык-биологиялык агенттиктеги илимий-клиникалык борбордо жаткан коронавирус менен ооруган бейтаптардын абалы тууралуу репортаж жасаган. Анда алгач борборго киргенде коргоочу кийим тууралуу маалымат берилип, "кызыл зонага", тактап айтканда, жалаң медицина кызматкерлерине гана уруксат болгон коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптар жаткан бөлүмгө кирет. Бөлүмдөн жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган бейтаптарды көрүүгө болот.
Ошондой эле видеодо бир бейтаптын жүрөгүнүн согуусу токтоп калып, 6 дарыгер кезек менен жүрөгүнө массаж жасап, калыбына келтирген учур бар.