АКШда 51 жыл бирге жашаган түгөйлөр коронавирустан 6 мүнөт айырма менен көз жумушту

Флорида штатынын Бойнтон-Бич шаарында жашаган түгөйлөр коронавирустан көз жумушту. Алар 51 жыл бирге жашап, 6 мүнөт айырма менен каза болушкан. Алардын баласы Бадди Бейкер ата-энесинин элге болгон кайрылуусун жаздырып алган. Алар анда элди коронавирус оорусуна кылдат көңүл буруп, сак болууга чакырган.

"Биздин мезгилде адамдар көп нерсени бул мага келбейт, мунун мага тиешеси жок деп ойлойбуз. Бирок андай эмес. Биз дагы башында коронавирус бизге эч качан келбейт деп ойлогонбуз. Биздин үй-бүлөдө болгон окуя көпчүлүк адамдарды бул ооруга олуттуу мамиле кылып, туура чечим кабыл алганга түртөт", - деп билдирген Бейкер.

Бадди Бейкердин 74 жаштагы атасы жана 72 жаштагы апасы 19-мартта өзүн жаман сезишкен. Алар дарыгерге барган учурда коронавирустун белгилери байкалган. Бейкердин атасынын астма оорусу бар болгондуктан, дароо ооруканага жаткырышкан. Ал эми апасы Адрианды үйүнө кетиришкен. Көп өтпөй экөө тең коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон. Карыялардын абалы оорлошуп, экөө тең жасалма дем алдыруучу аппараттарга кошулган.

Дарыгерлер Бадди Бейкерден ата-энесин көп кыйнабай аппаратты өчүрүүгө уруксат берүүсүн суранышкан. Ал өз макулдугун берип, бирок аларды бир учурда жана бир палатада аппаратты өчүрүүсүн суранган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Gulya78
2020-04-06 11:11:52
Көз жумдурушуптурда..
0
keba300989
2020-04-06 11:20:21
Өлтурушуптүр, ошон үчүн мусулман болгонубузга шугур туугандар
+2
gulam
2020-04-06 11:26:21
Кыйнап атайын эле олтуруптурда, дагы 6 минут айырмачылык дегенин кара
+2
Raatbek700
2020-04-06 11:49:58
Жомок сыяктуу эле боло баштады
0
rola
2020-04-06 15:16:28
Кудай сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан