Үрөй учурган коркунучтуу, күлкүгө бөлөгөн комедия, балалыкка жетелеген мультфильм. Карантин учурунда көрүүгө арзый турган тасмалардын тизмеси

Карантинде жатып кандай тасма көрүштү билбей жатасызбы? Анда сизге 2019-2020-жылы чыккан, дүйнөлүк прокатта көп каражат топтогон жана тасма сынчыларынын элегинен өткөн тасмалардын топтомун сунуштайбыз. Аталган тасмалар интернет булактарына жарыяланган, демек, сиздин үйдө жатып алып көрүүгө толук мүмкүнчүлүгүңүз бар.

Эң көп каражат топтогон "Жуманжи: Жунгли чакырат" тасмасы. Биринчи бөлүгүнөн кем калбаган бул тасманы көпчүлүк күтүп көрдү. Тасманын сюжетинде оюндун ичине кирип кеткен 4 өспүрүмдүн окуясы баяндалат. Эң кызыгы, оюндун ичине кирген өспүрүмдөр ар кандай каармандардын денесине кирип калат. Мисалы, жашоодо арык, көп нерседен корккон бала күчтүү, чымыр денелүү жигитке айланса, кимдир бирөө күлүк атка айланган болот. Каармандар атайын тапшырманы аткарып, дагы да болсо элди сактап калууга аракетин жумшашат. Албетте, тапшырманы аткаруу аларга оңойго турбайт. Анткени бул тасмада терс каармандар өз ишин мыкты билет.
Жазуучу Луиза Мэйдин "Олкотт" романы Америкада гана эмес дүйнө жүзүндө өзгөчө популярдуулукка ээ. Муну япон анимесиндеги мультсериалдан деле байкаса болот. Бир тууган эже-сиңди Марчтардын тагдыры чоң экрандарга 4 жолу чыккан. Жарыяланган сайын көптөгөн жакшы сын-пикирлер айтылган. Тасманын өзөгү бул Жо. Анын образын 1933-жылы Кэтрин Хепбёрн ойносо, 1994-жылы Вайнона Райдер аткарган. Ал эми жаңы тасмада бул роль Сирша Ронанга тийген. Белгилүү актриса жана режиссёр Грета Гервиг тасмага жаңы дем берип, көрүүчүлөрдүн назарына тартуулады. Көрүп сиз дагы бааңызды бериңиз.

Совет футболунун жарык жылдызы, таланттуу дарбазачы Лев Яшин тууралуу тартылган тасмага эч ким кайдыгер калбаса керек. Василий Чигинскийдин тасмасы "Динамонун" дарбазачысынын өмүр баянын баяндайт. "Кара жөргөмүш", "Кара пантера", "Кара Осьминог" аттарга конгон дарбазачынын эмгеги менен 1950-1960-жылдары СССРдин курама командасы жеңиш артынан жеңишти багындырган. Бирок Чилиде өткөн Дүйнө чемпиондугунда Яшин кечирилгис ката кетирген. Спорт - бул ар бир жыгылуудан кийин кайра күч таап туруу. Лев Яшиндин окуясы дал ушуну далилдейт.
Тасма 1 эмес, 2 Уилл Смиттин катышканы менен өзгөчөлөнүп турат. Бири жашы өтүп калган, тажрыйбалуу көзгө атаар снайпер болсо, экинчиси дал ошондой сапаттарга ээ жаш Смитт. Энг Ли режиссёрлук кылган аталган тасманын дагы бир өзгөчөлүгү бул компьютердик графика. Жакынкы арада чыныгы актёрлорду технологиялардын жардамы менен алмаштырса болот делген кептерди аталган тасма четке каккандай. Анткени технологиялардын жана Уилл Смиттин 1990-жылдардан башталган видео архиви колдонулуп жасалган жаш Смиттин ар бир адамга таандык болгон өзгөчөлүгү жоктой. Бирок аталган тасма экспериментин көрүп, сиз кандай баа бересиз?
Англиялык сериалдарын сүйүүчүлөрүнө бул тасма сөз жок жакса керек. Мурда сериал болуп тартылган эмгек эми бир тасмага айланды. Байыркы сарайдын ээлери конок күтүү алдында турушат. Бирок айтылган ушак-кептерге караганда конокко келе турчу монархтын өмүрүнө кол салуу болот. Сарай ээлери мындай окуянын алардын үйүндө болуусуна жол беришпейт. 20-кылымдын башын элестеткен кийимдер, укмуштуудай жасалгалар көрүүчүлөрдү башка дүйнөгө жетелейт.

Стивен Кингдин анча белгилүү эмес романын негизинде тартылганын, Стэнли Кубриктин "Сияние" хоррорун эске албаганда бир көрүп коюуга арзый турган тасма. Юэн Макгрегор катышкан коркунучтуу жанрындагы "Дарыгер Сон" тасмасы көпчүлүктүн купулуна өзүнүн мыкты сапатта тартылганы менен толгон. Сюжетте өзүнүн аракеч атасы менен "Оверлук" мейманканасында чоңойгон өзгөчө касиетке ээ баланын окуясы жатат. Өзүнүн өзгөчөлүгүн колдонуп, адамдарга жардам берген аны белгилүү кара өзгөй сектанын мүчөлөрү издеп жүргөн болот. Сондун тагдыры кандай болот? Кызыксаңыз тасманы толугу менен көрүп чыгыңыз

Режиссёр Эдвард Нортон нуар жанрына кызыгып калган өңдүү. 20-кылымдын башындагы Нью-Йорк. Кадам сайын мыйзам бузуу, адилетсиздик, үйлөрдөн да көп көңүл ачуучу жайлар. Детектив агенттигинин башчысы өлтүрүлөт, эми анын кызматкери анын жетекчисин ким жан эмне үчүн өлтүргөнүн иликтөөсү зарыл. "Жетимсиреген Бруклин" тасмасына кино сынчылар жогорку баа берип, ал эми көрүүчүлөр режиссёрдун тасма аркылуу берейин деген оюн толук түшүнгөндөй.

Белгилүү унаа компаниялардын ортосундагы болгон атаандаштыкты Ле-Манеде боло турчу автожарыш чечет. Ага катышуу милдети Кен Майл жана Керролл Шелбиге жүктөлөт. Ар биринде өзгөчөлүк бар болгон башкы каармандар көрүүчүлөрдү зериктирбейт. Ал эми тасманын үн коштоосу жогорку деңгээлге ээ. Бекеринен үн коштоо үчүн тасма 2 "Оскар" сыйлыгын албаса керек.

Эльза менен Аннанын окуясынын уландысын бөбөктөр гана эмес чоң кишилер да чыдамсыздык менен күткөн көрүнөт. Анткени балдарын кинотеатрга алып келимиш болуп, өздөрү ырахат алып мультфильмди көргөн ата-энелер бүт дүйнө жүзүндө байкалган. Өзгөчө тамашалары менен тасманын көркүн ачкан Олаф дагы да болсо өз образынан жазбаган. Эже-сиңди алыска сапар тартып, буга чейин аларга белгисиз болгон тарых барактарын ачышат. Аталган эмгек тарыхтагы эң көп каражат чогулткан мультфильм аталды. Ал 1 милларддан көп каражат чогулткан. Тасманын аягы дагы да болсо улантуу болорун айтып тургандай сезим калтырат.

2000-жылдары алгачкы бөлүгү чыккан "Чарлинин периштелери" тасмасына көз ачып жумганча 20 жылдын жүзү болуптур. Көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болуп калган актрисалардын ордуна башка актрисалар келсе дагы алар мурункулардан кем эмес курал атып, мушташа алышат. Феминизмдин өнүккөн маалында тасма жеңил ойлуудай көрүнбөй башка деңгээлге чыккандай. Бирок бул жолкусунда периштелерге сырткы эмес, ички душмандарга каршы күрөшүүгө туура келет.

Көптөгөн кыздардын жүрөгүнө чок салган ырчы Егор Крид башкы каармандардын бирин ойногон "Идеалдуу эмес мырза" азыркы мезгилдин көйгөйлөрүн ачып бергендей. Романтикалык комедия жанрында тартылган тасманын негизинде робот менен чыныгы адамдын мамилелери чагылдырылган. Анда башкы каарман иштөөсүндө техникалык ката кетип жаткан роботтун иш-аракетин ага карата болгон көңүл буруу катары кабыл алып, аны менен мамиле курууга белсенет.

Алмустактан бери келе жаткан жоон билек баатырлардын оюну болгон көк-бөрү тууралуу тасманы көргүңүз келсе бул жерди басыңыз. Руслан Акундун бул эмгеги кыргыз үчүн намыс, ата-бабалар мекендеген жер, жылкы жана улуттук оюндар дайыма биринчи орунда туруп келгенин тастыктаган. Ал эми айрым актёрлордун оюну көрүүчүнүн жүзүнө жылмаюу тартуулайт. Анан, албетте, башкы каармандын журналист кызга болгон ашыктыгы тасмага көрк кошкондой.

Аталган тасма жакшылык кылган адам дайыма эле мактоолорду алып, элдин сүймөнчүлүгү боло бербестигин тастыктайт. 1996-жылы элдин көзүнө көп уруна бербеген күзөтчү Ричард Жуэлл Атлантада өтүп жаткан Олимпиада оюндарында бомба салынган баштыкты таап алып, адамдарды өз убагында коопсуз жайга алып кеткенге үлгүргөн. Бирок ал бул жасаган иши менен көп убакыт сыймыктанган эмес. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын бири Жуэллди өзүн бул окуяга күнөөлөп, ал элге таанылуу үчүн бул кадамга барганын жазып чыгат. Тасмада өз ишин мыкты билген жактоочунун образы да мыкты ачылып берилген. Ал эми ички иштер органдарында болуп жаткан териштирүү иштери жөнүндө журналисттерге айтуу кооптуу экенин жана бир туура эмес маалымат баатыр адамды бат эле элдин душманына айландырып коёру да көптөргө сабак боло турчудай.
Кыргыз киносундагы мыкты делген ар кандай жанрдагы тасмаларды көрүү үчүн КИНОЗАЛ бөлүмүнө өтүңүз.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aerforce
2020-04-06 17:14:51
Баарын уже эле коруп буттуко чиркин
-2
katerina.li
2020-04-06 17:40:50
Ужас дегенди коркунучтуу кино же мультфильм деп айтса болобу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан