Кытайлык дарыгерлер коронавирустун алгачкы симптомдору, ал күн сайын кантип курчуй турганын баяндашты. Анда медицина кызматкерлери бейтап 22 күндө толук айыкса болорун айтышат.
1-4 күн аралыгында: Дене табы жогорулап, булчуңдар ооруп, кургак жөтөл болуп, ичи өтүп, жүрөк айлануу менен коштолот.
5-6-күндөрү: Дем алуу начарлай баштайт.
7-күнү: Дем алуу бир кыйла оорлошуп, күчөйт.
8-9-күндөрү: Коронавирус инфекциясы оор өтүп жаткан бейтаптын өпкөсү органдарга жетиштүү кычкылтекти бөлүп чыгара албай калат.
10-11-күндөрү: Ооорунун дагы бир белгиси, тагыраагы, бейтаптын ичи ооруп баштайт.
12-күнү: Бейтап айыгып, дене табы түшө баштайт.
17-22-күндөрү: Бейтап толугу менен айыгып, калыбына келет.
Дарыгерлер белгилегендей, оорунун симптомдору дароо эле байкалбайт. Адам вирусту жуктуруп алганы менен 5 же андан ашык күн бою оорунун белгилерин дээрлик байкабашы мүмкүн.