Буга чейин Эквадордо коронавирустан каза болгондорду жерге берүүгө тиешелүү кызмат жетишпей жатканы маалымдалган. Анда Гуаякил шаарынын жашоочулары көчөлөргө чыгып, атайын өрт коюп жатышканын чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.
Маалыматта шаар тургундары көчөгө өрт коюу менен бийликтин көңүлүн бурдуруп, каза болгондордун жансыз денелери көчөдө бир нече күн бою жатканын, шаардагы өлүккана толуп калгандыгын айтууну көздөшкөнү кабарланган. Мүмкүнчүлүгү бар үй-бүлөлөр сөөктү табытка салып көчөгө чыгарып койсо, айрымдарында шарт жок. Мындан улам алар каза болгон адамдын жансыз денесин кездеме менен жаап короого, көчөгө чыгарып койгондугу айтылган.
Көпчүлүк окурмандар бул мессенжерлер аркылуу тараган фейк маалымат деп сындашкан. Factcheck.kg сайты окурмандарды эки жээкке бөлгөн маалыматты изилдеп, жыйынтык чыгарышты. Ага ылайык, каза болгондорду көчөгө чыгарып койду деген маалымат ырасталды.
Анда ооруканадагы бейтаптардын көптүгүнөн дарыгерлер каза болгондордун өлүмүнүн себебин аныктоого жетишпей жатканы, тиешелүү кызматтын жансыз денелерди чыгарып кетүүгө үлгүрбөй жатканы айтылат. Шаарда дарыгерлердин, орундуктардын жетишсиздиги байкалып, 1 медайымга 16 бейтап туура келет.
Каза болгондордун жансыз денесин чыгарып кетүү үчүн криминалисттердин корутундусу керек болгондуктан, жансыз денелер көчөлөрдө калууда. Бүгүнкү күндө бул маселени чечүү үчүн атайын координациялык топ түзүлдү.
Ал эми каза болгондорду, тагыраагы, жансыз дене салынган табытты өрттөп жатышат деген билдирүү калп экени ырасталды.