Ош шаарында курулуучу жаңы 100 орундуу оорукана балдардын жугуштуу оорулар клиникасынын аймагында курулат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматкери Азамат Абсаттаров билдирди.
"Жаңы курула турган оорукана Ош шаарындагы балдардын жугуштуу оорулар клиникасынын аймагына курулат. Бул жугуштуу оорулар клиникасынын аймагы чоң болгондуктан, ошол жер ылайыктуу деп табылды. Кечээ шаар мэри Таалайбек Сарыбашов оорукана курула турган жерге барып таанышып келди", - деди Абсаттаров.
Буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек жана Ош шаарларында курула турган 100 орундуу оорукананын курулуш иштерин ушул аптанын ичинде баштоо керектигин айткан.