"Бул Ваня, Саня, Толя же Коля эмес, бул Ковид". Орусияда ымыркайга коронавирустун атынан ысым коюшту

Орусиянын Новокузнецк шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайга дүйнө элин дүрбөлөңгө салып жаткан коронавирустун атынан Ковид (COVID-19) деген ат коюшту. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ымыркайдын ата-энеси бул ысым буга чейин болбогонун жана өзгөчө угулаарын айтышкан. Алар бул ысым баласына жашоодо ийгилик алып келет деп ишенишээрин кошумчалаган.

"Бул Ваня, Саня, Толя же Коля эмес. Бул ысымды эч ким менен чаташтырбайсың", - деп билдиришкен ымыркайдын ата-энеси.

Орусияда коронавирусту 6 миң 343 адам жуктуруп алган. 47 адам каза болсо, 406сы сакайып чыккан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aselya_9105
2020-04-06 17:32:03
Жөн эле койбоптур да. Баланын келечегин ойлосо болмок. Өздөрү үчүн хайп жаратпай. Элестет эми кийин бала интернеттен "Значение имени Ковид?"-деп издесе эле страшный статьялар чыгып жатса.....
+9
Kuyoo_bala
2020-04-06 19:52:33
Тентуштарына шылдын болот чонойгондо,коронавирус деп чакырышатда
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан