Нарында коронавирус катталды деп жалган маалымат тараткан эки адам кармалды

Нарын районунун Жерге-Тал айылына "Тез жардам" кызматы келди, айылда коронавирус катталган окшойт деген маалымат тараткан 2 адам кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган маалымат чындыкка дал келбейт.

"18-март күнү WhatsApp аркылуу Нарын районунун Жерге-Тал айылынын интернет колдонуучулары кирген тайпада узактыгы 15 секунд болгон видео тарап жаткандыгы жөнүндө маалым болгон. Аталган видео көп убакыт өтпөй, башка тайпаларда дагы жайыла баштаган. Бул боюнча облустук жана райондук кызматкерлер териштирүү иштерин жүргүзүп, натыйжада Нарын шаарынын 1994-жылы туулган тургуну Д.Э. жана Нарын районунун 1974-жылы туулган К.К. аттуу тургуну кармалган. Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
talas0707
2020-03-19 16:55:05
Кыларга иштери жок кишилердей болуп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан