Коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча түзүлгөн республикалык штаб ушул учурда көп берилип жаткан суроолорду жана алардын жоопторун жарыялады.
- Сөөк коюу парзын аткаруу үчүн баргандарга өткөрмө кагаздары берилеби?
- Сөөк коюуга бара жаткан бир нече адамдарга жарактуу мөөнөтү чектелген убакытка гана өткөрмөлөр тоскоолдуксуз берилет. Же болбосо маршруттук баракча түзүлүп, анда келген жеринин дареги жана өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү көрсөтүлөт.
- Бир шаардан экинчи шаарга өтүү кантип ишке ашырылат?
- Санитардык-карантиндик посттордон айланып өткөн жол аркылуу бара алышат. Ошол эле учурда Бишкек шаарына башка шаардан кирүүгө чектөө коюлган.
- Жарандар карантин эмес аймактардан карантин болгон аймактарга жумушка бара албай жатышат?
- Эскертебиз, мекемелердин кызматкерлери уюм же ишкана бөлүп берген кызматтык транспорт менен гана жүрүүгө тийиш. Биз Бишкек комендатурасынын 5-6-буйругуна ылайык, жашоону камсыз кылуу тармагында иштеген кызматкерлерди ташуу боюнча жаңы алгоритм иштеп чыктык. Жакынкы убакта аларды жарыялайбыз.
- Эгер катталган жери Бишкектен сырткары болсо, шаар боюнча кантип жүрүү керек?
- Биз жашаган жери боюнча катталууну сунуш кылабыз. Өзгөчө абал эрежелерин сактаңыз, себеби жок сыртка чыксаңыз санитардык-карантиндик посттордон өтө албайсыз.
- Үйдөн 1,5 чакырым радиустун чегинде сыртка чыгууга болобу?
- Эгер өтө зарыл болсо жана бул радиуста дарыканалар же дүкөн жок болсо, маршруттук баракча боюнча үйдөн 1,5 чакырымдан ашыгыраак чыкса болот. Маршруттук баракчага бул пункттар сөзсүз түрдө көрсөтүлүшү керек.