Бишкекке Түркиядан 14 ыктыярчы дарыгер учуп келди

Бүгүн, 15-июлда "Turkish airlines" компаниясынын учагы менен Бишкекке Түркиянын медициналык жогорку окуу жайларында жана аталган өлкөнүн мамлекеттик клиникаларында иштеген, ординатурадан өтүп жаткан 14 ыктыярчы медкызматкер келди. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.

Пандемия шартында Түркияда дары-дармектерди экспорттоого жана мамлекеттик структуралардын медицина кызматкерлеринин өлкөдөн чыгууларына расмий тыюу салынган. Кыргыз Республикасынын элчилигинин жана Түркиянын тиешелүү министрликтеринин жардамы менен медицина кызматкерлерине чыгууга уруксат алуу боюнча маселелер чечилген.

"Медициналык кызматкерлердин авиабилеттерин алуу жана Кыргыз жергесиндеги жашоо-шартын уюштурууга кеткен чыгымдардын белгилүү бир бөлүгүн кыргыз ишкерлери өз моюнуна алышкан.

Медиктердин тобу республикадагы конкреттүү бир ооруканада иш графиги боюнча иштеп, өздөрүнө бөлүнгөн жумуш аймагына жоопкерчилик алаары пландаштырылууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчилиги ыктыярчы-медиктерди тажрыйба алмашуу үчүн региондорго жөнөтүүнү сунуштады.

Жүргүнчүлөр менен кошо Түркия өкмөтүнүн гуманитардык жүгү дагы келди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
PeRa
2020-07-16 00:40:43
Бут эле кирет, бүт эле кирет, куттан кабар жок болдук го. Эми буларды да оорутуп албай, жардамга военныйларды алып келип беришсе болот эле. Жок дегенде тартипти сактатып, кол кабыш кылганга.
0
PeRa
2020-07-16 00:45:28
Германияда бир медициналык кызматкер кызыл зонага киргенге, экөө кийинтип, чечинтип жатышат. Жок дегенде кийинтип, чечинткенге жардамы тиймек да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан