Орусияда коронавирустан айыккан адамдардын саны 900 миңден ашты

Орусиянын 83 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 5 миң 905 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 134 адам каза болсо, 5 миң 339 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 805 (айыккандар 1107);

Санкт-Петербург шаарында - 206 (айыккандар 104);

Ростов облусунда - 172 (айыккандар 59)

Москва облусунда - 165 (айыккандар 155) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 91 миң 186 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 19 миң 195 адам каза болсо, 901 миң 207 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан