7-апрелге карата коменданттык саат киргизилген аймактарда ички иштер органдары тарабынан эреже бузган 94 жаран кармалды. Анын ичинен Бишкекте коменданттык убакыттын талаптарын 74 жаран (62си эркек жана 12си аял) бузганын комендант Алмазбек Орозалиев билдирди.
Бүгүн, 7-апрелде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев менен Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов онлайн маалымат жыйын беришти.
"Бүгүнкү күндө өткөрмө уруксат кагазын алуу үчүн 14 миңдей билдирүү келип түшүп, 605и жактырылды. Ал эми айрым билдирүүлөрдөн баш тартып жатканыбыздын себеби - тиешелүү документтердин толук болбогонунда", - деди Алмазбек Орозалиев.
"Борбор калаада өзгөчө абал киргизилген учурда 516 кылмыш иши катталды. Анын ичинен 467 кылмыштын бети ачылды", - деп билдирет комендант Алмазбек Орозалиев.
Азиз Суракматов: "Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун вирусологиялык лабораториясы тарабынан 711 адамга коронавирус боюнча чогултуп алынган мазоктор изилденди. 1-апрелден тартып COVID-19 инфекциясын экспресс ыкма аркылуу изилдөө башталды. 7-апрелде 598 жаранга изилдөө жүргүзүлдү".
Бардык иштеп жаткан супермаркеттер 2-3 күндө бир дезинфекцияланып турат. Мындан тышкары лифттер, таштанды салуучу урналар дагы дезинфекцияланат дейт шаар мэри Азиз Суракматов.
Суроо: Супермаркеттерде ундун жетишсиздиги байкалып жатат. Ун маселеси качан чечилет?
Жооп: "Азырынча супермаркеттерде ундун жетишсиздиги жарала элек. Балким ал жакка унду жеткирүү кечиктирилип жаткандыр. Ал эми бааларды көзөмөлгө алып жатабыз. Доллардын куну жогорулаганына байланыштуу чет өлкөдөн импорттолгон товарлардын баасы бир аз жогору болууда", - деди шаар башчы.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ун, күрүч, суу май жана башка азыктардан турган 15 миңден ашуун тамак-аш топтомун таратуу мерчемделүүдө. Мындан тышкары арабдардын кайрымдуулук фонддору тарабынан 6 миңдей үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.
"Бишкек шаарында 25 жарандан коронавирус аныкталды. Алар биринчи категорияга кирген 60 жаран менен жана экинчи категориядагы 204 адам менен байланышта болгон. Вируска кабылгандардын бири такси кызматынын айдоочусу, ал үй-бүлөсүндөгү 6 адамга вирус жуктурган. Тагыраагы, таксист болуп иштеген жаран жубайына, кызына, күйөө баласына, эки уулуна жана небересине вирус жуктурган.
Дагы бир жаран 4 жакын тууганына ооруну жуктурган.
Бүгүнкү күндө 1 миң 500 жаран катталып, алардан анализ алынды. Дагы бир жолку текшерүүдөн кийин анализдери таза чыкса каттоодон алынат", - деди шаар мэри.
Азиз Суракматов: "Бүгүнкү күндө борбор калаада 1 миң 756 жаран каттоого алынган, ар биринен алгачкы анализдер алынып, алар обсервацияда же үй карантининде турат. Инкубациялык мезгил өткөн соӊ, 14 күндөн кийин алардан кайрадан анализ алынат, эгерде жыйынтыктары коронавирустун белгилери жок экенин көрсөтсө, анда алар көзөмөлдөн чыгарылат”, - дейт Азиз Суракматов.
Айтымында, шаарда жалпысынан 1 миң 359 адам көзөмөлдөн чыгарылды.
"Бишкек шаарына өзгөчө абал тартиби киргизилгенине эки апта болду. Бул биздин калктын ден соолугун коргоо үчүн туура чечим болду. Ушундай жол менен гана көзөмөлдөөгө кыйын болгон коронавирусту жеңе алабыз", - дейт Азиз Суракматов.
Бишкекте коменданттык убакыттын талаптарын 74 жаран бузду. Алардын ичинен 62си эркек жана 12си аял.