Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бир айлык маянасын коронавирус менен күрөшүү эсебине которду. Бул тууралуу тажик басылмалары жазышат.
Ага ылайык, өлкө башчы өзүнүн айлыгын пандемияга каршы күрөшүүгө салымы катары, ал эми президенттин резервдик фондунан дагы 1 миллион 200 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын медиктердин кошумча акы төлөмдөрү үчүн бөлдүрүп берген.
"COVID-19 илдетине байланыштуу ишке тартылган саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо багытында эмгектенген кызматкерлерге бир айлык маянасынан тышкары дагы 3 айлык сый акы кошумча акы катары төлөнүп берилет", - деп жазылат маалыматта.
Кечээ, 30-апрелде Тажистанда коронавирус инфекциясы расмий түрдө аныкталган. Анда бул илдет менен 15 жаран жабыркап жатканы айтылган.