Өткөн суткада Казакстанда 74 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Жалпы илдетти жуктуруп алгандардын саны 106 миң 803 адам. Ал эми илдеттен бир суткада 97 адам айыгып чыкты. Жалпы сакайып чыккандардын саны 100 миң 615ке жетти. Учурда бейтаптын абалы оор экени айтылды.