Белгилүү француз атыр компаниялары антисептикалык каражаттарды чыгарууга киришти. Ал кийин бекер таратылат

Франциялык парфюмериялык LVMH (Louis Vuitton Moet Hennessy) концерни "Christian Dior", "Guerlain" жана "Givenchy" бренди менен чыгуучу жыпар жыттуу атырлардын ордуна антисептикалык каражаттарды чыгарып баштайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жызышууда.

Ага ылайык, антисептикалык каражаттар аталган ишкананын Франциядагы 3 ири фабрикасында чыгарылмакчы. Маалыматта аптасына 12 тонна антисептикалык каражаттарды чыгарууну пландап жаткандыгы айтылат. Дезинфекциялоочу каражаттар Париждеги 39 мамлекеттик ооруканага, ошондой эле өлкөнүн саламаттыкты сактоо мекемелерине бекер таратылат. Париждеги ооруканалардын биринин башчысы Мартин Хирш LVMH'дин ыкчам иш аракетине баа берип, терең ыраазычылыгын билдирген. Анын айтымында, өлкө аймагындагы ооруканаларда антисептикалык каражаттар бар, бирок запасы чектелүү болууда.

Коронавирустан улам Францияда антисептикалык каражаттарга болгон суроо-талап кескин жогорулап, бир адамга бирден гана сатылууда.

Учурда Францияда коронавирустан каза болгондордун саны 120га жетти. Бир сутка ичинде (15-мартка карата) каза болгондордун саны 31 кишини түзгөн. Ал эми жабыркагандардын саны 5 миң кишиден ашуун.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан