Бүгүн, 10-апрелде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйын берүүдө.
Анын айтымында, учурда борбордо абал туруктуу.
Бишкекке өзгөчө абал киргенден баштап жасалма өткөрмө кагазын алып жүргөн 42 факты катталган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Өзгөчө абал киргенден баштап Бишкек шаарында 28 жол кырсыгы катталып, 39 адам жабыркаган. Анын ичинде 3 өспүрүм бар.
10-апрелге карата күндүз 52 жаран тартип бузуп, ички иштер бөлүмдөрүнө алып келинген. Аларга тийиштүү протоколдор түзүлгөн.
"Биз бардык "пропуск" боюнча берилген суроолордун ар бирине жооп берүүгө убактыбыз жок. Биз баарын карап чыгып, бир эле жооп берип жатабыз. Аны сиздерге массалык маалымат каражаттары жеткирип жатышат. Эгер сиз ага макул болбосоңуз, анда биздин WhatsApp же күнү-түнү иштеп жаткан номерлерге чалып жооп алсаңыз болот", - деди Бишкек шаарынын коменданты.
Комендант шаар тургундарын үйдөгү балдарга жакшылап көңүл бөлүп, алардын коопсуздугун камсыздап, үйдө аларды кызыктыруучу иш-аракеттер менен алектенүүнү айтты.
"Бизге күнүгө өткөрмө кагазын жөнү жок сурагандар көп кайрылып жатышат. Эгер жөнү жок эле "пропуск" кагазын бере берсек, Бишкек шаарында баш аламандык жаралат. Урматтуу жарандар, максатсыз көчөгө чыкпай үйдө болуңуздар. Бир аз чыдагыла", - деп кайрылды комендант Орозалиев.
Коменданттык сааттын эрежелерин бузуу боюнча 37 адам кармалды. Алардын ичинен үчөө чет элдик жарандар. Ал эми өспүрүмдөр жок.