Пенсия берилип жаткан учурда пенсионер үйүндө болбой калса, кийинки айда эки айдын пенсиясын чогуу алат

Өзгөчө абал тартиби киргизилген Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу, Жалал-Абад облусунун Сузак райондоруна 60 миңден ашуун пенсионерлер пенсияны банк аркылуу алышчу. Эми алар пенсияны почталардан алышат дейт Социалдык фонддун төрагасы Медербек Ирсалиев.

"Аталган аймактардагы пенсионерлердин акчасын почта кызматына өткөрүп бердик. Бул убактылуу экенин эскерте кетейин, андан кийин абал турукташат болушу керек. Ал эми пенсия таратып жаткан учурда пенсионер үйүндө болбой калса, тагыраагы, башка аймактагы жакындарынын үйүндө болсо анда кийинки айда эки айдын пенсиясын чогуу алат. Мындан тышкары банктын кассасы аркылуу пенсия алгандар дагы бар. Алардын тизмеси такталып жатат.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларындагы пенсионерлер акчасын карта аркылуу алышса, каражат картага которулат. Анткени аталган шаарларда банкоматтар жетиштүү, мурдагыдай эле алганга мүмкүнчүлүк бар", - деп билдирет ал.

Социалдык фонддун төрагасы айыл жерлериндеги пенсионерлер почтага коюлган пост-терминалдан акчасын алса болорун кошумчалады. Республиканын бардык аймактарындагы почталарга пост-терминалдар коюлду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
fanatka19
2020-04-07 21:20:52
Почточу уйдон уйго кыдырып акча менен кошо вирус таратат эми((.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан