Коронавирус пандемиясынан улам ишмердүүлүгү токтоп калган Голливуддагы киностудияларга 12-июндан тарта иштөөгө уруксат берилди. Бул тууралуу Калифорния штатынын Лос-Анжелес аймагы боюнча коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси билдирген. Ошондой эле аталган аймактагы зоопарктар, аквапарктар, мейманканалар, бассейндер дагы кайрадан иштеп баштайт.
Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси кайрадан иштөөгө уруксат берилген жайлардын жетекчилери коопсуздук үчүн санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин инструкциясын иштеп чыгышы керектигин билдирген.
АКШдагы ири киностудиялардын көбү Голливудда жайгашкан. Мындан улам студиялар тасма тартуу иштерин жылдырышкан.